Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык беттештери саат 20:00дө уланды.
86 килограмм салмактагы финалдык беттеште Мирлан Чыныбаев Нуртилек Карыпбаевге 2:2 эсебинде жеңилип калды. Муну менен Нуртилек Карыпбаев 86 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча өлкө чемпиону аталды.
Бүгүнкү мелдеште 5 салмак категорияда жалпы 142 балбан күч сынашты. Учурда мелдеш уланууда.