Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери саат 11:00дө башталды.
Бүгүнкү мелдеште 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмак ченинде жалпы 169 балбан килем үстүнө чыгат.
Мелдештин финалдык беттештери саат 17:00дө башталат.