Бүгүн, 7-октябрда Караколдогу борбордук аянтта өткөн митинг боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. "Бийлик өкүлүн барымтага алуу", "бейбаштык", "өлтүрөм деп коркутуу" беренелери боюнча иш козголду. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырылды. ИИМ митингде жаракат алган укук коргоо кызматкерлери бар экенин билдирди.
Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылып турушту.