UFC: "Нокауттан кийин". Дастин Порьенин аялы Конор Макгрегор менен жолукту (видео)

24-январда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн "UFC 257 турниринен кийин америкалык мушкер Дастин Порьенин аялы атактуу мушкер Конор Макгрегор менен сүйлөшкөн видеосу UFC уюмунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Видеодо көрүнгөндөй беттеш бүткөндөн кийин Дастин Порьенин аялы Конор Макгрегордун кийинүүчү болмөсүнө барып, беттешке чыккандыгы жана Порьенин кайрымдуулук фондуна жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирген. Өз кезегинде аны күйөөсүнүн жеңиши менен куттуктап мыкты мушташканын белгилеген. Ошондой эле ирландиялык мушкер Порьенин туулуп өскөн Луизиана штатына иш сапары менен барууга убада берген.

24-январда өткөн "UFC 257" турниринде Конор Макгрегор Дастин Порьеге беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен утулуп калган.

Дастин Порьенин аялы Конор Магрегорго беттештен кийин жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidar.001
2021-01-31 21:17:04
Порье сокту окшойт аялын, не барасын ага н, й деп :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан