Атактуу футболчу Криштиану Роналду коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин эрежелерин экинчи ирет бузду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу сүйүктүүсүнүн 27 жашка чыгышын белгилөө үчүн эки күндүк кыска мөөнөттүү эс алууга Курмайёр шаарындагы тоого барышкан. Түгөйлөр тоого барыш үчүн кызгылт сары зонада жайгашкан Пьемонт жана Валле-д'Аоста аймактарынан өтүшкөн. Ал жерде туристтик сапарларга тыюу салынган.
Мындан улам Роналду менен анын сүйүктүүсү Жоржина Родригеске 400 евро өлчөмүндө айып пул салынат. Эң кызыгы, Роналду бул акчаны жети мүнөттө таба алат.
Криштиану Роналду буга чейин коронавирус инфекциясын Португалияда жүргөндө жуктуруп алып, ага карабастан Турин шаарына барып, карантин эрежесин бузган.