Биз социалдык тармакта

"Honda CR-V Toyota Highlander'дин номурун тагып алган". Бишкекте жасалма номур менен жүргөн унаа кармалды

Кечээ, 30-январда Бишкек шаарында жасалма номур тагып алып жүргөн Honda CR-V унаасы кармалды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

"Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 13:45 чамасында Жумабек жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда мамлекеттик номуру башка Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунаага тиешелүү экендиги аныкталган", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Бул факты боюнча кармалган унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми 1982-жылы туулган О.Э. аттуу айдоочусу Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2021-01-31 22:41:12
Ишти кылгыла чон жанылыкты алып чыкансып танировкаларды карагыла рейт жургузгуло кымбат машинелерге дух керек дух 200миндик машинаны токтотуп мазгисин какпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан