Орусиялык мушкер жеңишке жеткенден кийин атаандашы менен массалык түрдө мушташа кетти (видео)

Польшада өткөн "KSW 58" турниринде орусиялык мушкер Шамил Мусаев атаандашы словениялык Урос Юришичтин үстүнөн жеңишке жеткенден кийин эки мушкер кайра мушташа кетип, башаламандык жаралды.

Маалыматка ылайык, беттеште Мусаев калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен. Жыйынтык жарыялангандан кийин ал атаандашын кайрадан жакадан алып, көтөрүп чапкан. Мындан улам, башка мушкерлер жана калыстар эки мушкерди ажыраткан.

KSW уюмунун жетекчилиги бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. Чырдын эмне себептен келип чыкканы азырынча белгисиз.

Бул Мусаевдин 14 профессионалдык беттешиндеги 14-жеңиши. Анын атаандашы Юришич 12 беттештен кийин алгачкы жеңилүү ызасын тарткан.

Орусиялык мушкер жеңишке жеткенден кийин башаламандык уюштурда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Napaleon
2021-01-31 21:34:27
Шамил молодец
-1
bayern-munchen
2021-02-01 13:48:13
далбан опкосу жок жапайы чечен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан