Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана бишкектик "Дордой" футболдук клубунун жарым коргоочусу Фархат Мусабеков экинчи ирет ата болду. Мындай маалымат "Дордой" футболдук клубунун Telegram каналына жарыяланды.
"Жарым коргоочубуз Фархат Мусабековдун үй-бүлөсүнүн көбөйүшү менен куттуктайбыз. Анын экинчи уулу жарык дүйнөгө келди. Ымыркайдын аты азырынча тандала элек", - деп жазылды клубдун Telegram каналында.
27 жаштагы Фархат Мусабеков Кыргыз улуттук курамасындагы негизги оюнчулардын бири. Ал 2018-жылы үйлөнгөн.