Биз социалдык тармакта

Жумгалда 3 жаштагы бала пневмониядан каза болду

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында 3 жаштагы бала пневмония илдетинен улам каза болду. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Таалай Уркунчиев SUPER.KG порталына билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында бала 19-январь күнү саат 12:30 чамасында өтүшүп кеткен оорусу менен келген. Ошол эле күнү түнкү саат 23:00до чарчап калган.

"Оорунун алгачкы белгилери аныкталса, үйдө жата бербестен дароо ооруканага кайрылуу керек. Райондук штаб калк арасында санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тапшырмаларды берүүдө", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан