Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Бейшеналы Нурдинов: "Айыл чарба тармагын күчтөндүрө турганыңызды айтып жатасыз. Ал тармакка сиздей болгон күчтүү жетекчи барышы керек", - деди.
Улукбек Марипов ал жакка андан да күчтүү жетекчи бара турганын белгиледи.
Учурда Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри болуп эмгектенип жатат.