"Жансыз денеде учтуу буюм менен кесилген жаракаттар бар". Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип аялы кармалды

Талас облусунда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургунунун жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган. Факты Манас РИИБинде маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышкан.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын жансыз денеси жаткан. Дене учтуу нерсе менен кесилип, анда урулган жаракат белгилери болгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө жана иликтөө иштери башталып шектүү катары маркумдун аялы кармалды. Шектүү келин учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бишкек мэриясы мектептерди азырынча офлайн-режимге өткөрбөйт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alym21
2021-02-01 14:29:54
Жеткиргендир да
+5
Gulina90
2021-02-01 15:25:35
Э кудай жадаса кетип калбайбы,олтуруп камалатта жаш неме
+7
Raik
2021-02-01 16:31:49
Тойгузганда, анан жин чыкканда кан кайнайт болду.
+3
emirchik
2021-02-01 19:36:08
Тура эмес кылыптыр байкабай турганда сайып алганго бычакты бетме бет алдырбайт эле эн жакшысы ажырашып кетип калса жакшы болмок
+1
Nargiz3726
2021-02-01 22:37:22
Мүмкүн коркутуп эле мойнуна алдырып атышат
0
raykray
2021-02-02 04:06:37
Туруп ишенбейсинделе, жаман иш болуптур
0
Nursul
2021-02-02 09:22:44
Эч соо күн жок экен да бизде. Жакшы күмөн кылып туралычы башка бирөө өлтүрүп кетсе керек деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан