Чүй облусунун 100гө чукул тургуну бүгүн, 1-февралда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар жер тилкелерин берүүнү талап кылышууда.
Нааразычылык акциясына чыккан тургундардын бири 10 жылдан бери Аламүдүн райондук айыл өкмөтүндө жер алуу үчүн кезекте турганын айтат. Ошондой эле митингге чыккандардын көбү жер тилкесин сатып алып, бирок уруксат кагазын ала албай жүрүшкөнүн кошумчалаган.