SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет ырчы Өктөм Сапар уулунун аткаруусундагы "Жаз айым" ыры тууралуу сөз кылабыз.
Чыгарманын автору Бек Борбиев. Ырды кавер аткарып чыгам деп жатып ойдо жок жерден жаңылап аткарып калганын айткан Өктөм Сапар уулу буларга токтолду.
"Негизи бул ырды Нурмира Асанова деген ырчы менен кавер аткарууну пландап жаткам. Ырга жаңы аранжировка жазып, аягында толук кандуу ырга айланып кетти. Ошентип ырды жакшылап иштеп чыгып, клип тарталы деген чечимге келдик", - дейт ал.
"Жаз айым" аттуу ырды угуп жана көчүрүү үчүн шилтеме.