Президенттик аппараттын маалымат кызматына Нуркамал Асканова жетекчи болуп дайындалды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин Нургазы Анаркулов жетектеп келген. 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.

Нуркамал Асканова Нарын районундагы 8-март айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билим алган.

КТРКдагы "Кайдасың?" программасын 10 жылдан ашуун убакыт бою алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан