Баткен облусунун 6 шаарында таза суу боюнча ири долбоорлор ишке ашууда

Баткен облусунун, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Исфана шаарларынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализацияларды реаблитациялоо боюнча ишке ашкан ири долбоорлор аткарылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 5020,0 миң евролук долбоор жактырылган.

"Анын алкагында Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникалар жана жабдуулар сатып алынып, Таза суу ишканасынын имараты курулуп бүткөрүлгөн. Ошондой эле Чет-Булак участкасында сыйымдуулугу 1000 метр куб болгон суу кампасы курулуп бүттү.

Учурда суу эсептегичтер орнотулуп, 2021-жылдын май айына чейин долбоордун биринчи этабында белгиленген 2000 кожолукка толугу менен ичүүчү суу берилүүсү күтүлүүдө. Кызыл-Кыя шаарында жалпы сметасы 7 миллион 200 миң еврону түзгөн ЕРӨБ тарабынан каржыланган долбоор аткарылууда. Шаардын аймагындагы 16 көчөгө трубаларды жаткыруу, суу кудуктарын орнотуу иштери бүткөрүлүп, 3 көчөнүн жумуштары 80%га аткарылып, долбоордун 1-этабы аяктоо алдында турат. Сүлүктү шаарында жалпы узундугу 45,9 чакырымды түзгөн таза суу куруларын жаткыруу, траншеяларды казуу иштери боюнча долбоор Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан жактырылып, долбоордун сметасы 4,0 миллион АКШ долларды түзгөн. Учурда долбоордун 1-этабы 100%га аткарылып, 2020-жылдын декабрь айында “Сүлүктү-Таза-Суу канал” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди. Учурда 1500 кожолукка таза суу берилди. Долбоордун экинчи этабы март айында башталат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Исфана шаарында Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы сметасы 5,0 миллион еврону түзгөн долбоор башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштерин жүргүзүү үчүн техникаларды сатып алуу аракеттери көрүлүүдө. 2021-жылдын апрель айында жумуштар башталары күтүлүүдө, натыйжада Исфана шаары жана Чымген, Голбо айылдары толук түрдө таза суу менен камсыз болот. “2026-жылга чейин пландалган Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасынын алкагында, кошумча Кадамжай жана Айдаркен шаарларын да таза суу менен камсыздоо иш-чарасы кабыл алынып, тиешелүү жумуштар аткарылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janyll
2021-02-02 10:33:06
Жарымынан кобун жегичтер жеп койсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан