Ишкерлик кылуу тууралуу ойлонгондо алгач эле көп суммадагы каражат, ылайыктуу жай келери анык. Анын баарын табуу үчүн көп убакыт керек экендиги оюбузга кылт дей түшөт эмеспи. Бирок биз сөз кыла турган каарманыбыз бул айтылгандарга анчейин кошулбагандай. Анткени ал самын чыгаруу идеясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шаймандарды сатып алып, керектүү аппараттарды өз колу менен кураштырып алган. Ошондой эле ылайыктуу жай издеп отурбастан короосуна эле чакан ишкана куруп алган.
SUPER.KG порталы айыл жергесинде жашаганына карабастан самын өндүрүп, үй-бүлөсүн иш менен камсыз кылып келе жаткан жаш ишкер Амантур Исираил уулу жөнүндө сөз кылабыз. Каарманыбыз ар күнү жашообузда колдонуп келген самын кантип жасаларын айтып берди.
Амантур Исраил уулу 1996-жылы 12-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жийде айылында туулган. Кесиби боюнча ширетүүчү. Самын чыгаруу ишкерлигин былтыр, тагыраагы, 2020-жылы апрель айында баштаган.

Самын чыгаруу ишин баштоо үчүн алгач 200 миң сомго чукул каражат кеткен. Каарманыбыз зарыл болгон шаймандарды сатып алып, өз колу менен керектүү жабдыктарды жасап алган.
"Мен Москва шаарында иштеп жүргөн кезде Кыргыз өлкөсүнө кайтып келгенде ишкерлик кылсам деген идеям бар болчу. Анан интернеттен Өзбекстанда самын чыгарган ишкерлерди көрүп, аларга байланыштым. Кийин өлкөгө кайтып келгенде биринчи керектүү станокторду жасадым. Кийинчерээк самын чыгарууну ишке киргиздик. Карантин киргенге чейин керектүү шаймандарды алып келип алган болчумун", - деди Амантур мырза.

Самын чыгаруу иши жаз айларында жакшы жүрүп, күнүнө 1000-2000 даанага чейин самын чыгарганын айтат.
"Бул иш менен алек болууда жаз айларында жакшы жыйынтыктарды көрсөттүк. Күнүнө 1000-2000 даана самын чыгарып жаттык. Сырьё дагы кенен болот. Азыркы учурда кыш болгондуктан бир аз кыйынчылыктар бар.
Биз өндүргөн самындын кардарлары бар. Жалал-Абад шаарынын аймагына тарайт. Дүң баада 1 даана самынды 14-15 сомдон сатабыз. Самынды эки көлөмдө жасайбыз. Бири 220 грамм, экинчиси 290 грамм. Буюрса, алдыда ишкерлигибизди кеңейтүү пландарыбыз бар", - деди каарманыбыз Амантур Исираил уулу.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.