Бишкекте 8-октябрь күнү саат 5:20лар чамасында Сүйүмбаев менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ (мамлекеттик номуру I 0356 S) менен Дэу Нубира (мамлекеттик номуру D 5539 H) сүзүшүп, натыйжада жеңил автоунаанын ичиндеги 3 адам окуя болгон жерден каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Учурда каза тапкан жарандардын өздүгү такталууда.