Бишкекте зомбулукка кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ачуу пландалууда

Бишкекте зордук зомбулукка кабылган аялдар үчүн кризистик борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Зомбулукка кабылган жана оор кырдаалда турган аялдарды колдоо максатында биринчи муниципалдык кризистик жана реабилитациялык борбор ачууну пландап жатабыз. Балдары менен чогуу жайгаша тургандай кылсак деген пландар бар. Психологдор жана социалдык кызматкерлер иштешет. Ошондой эле, эл аралык уюмдар мындай аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөгө каалоолорун билдирип жатышат", - деп жазды Чыныбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан