Ак Үйдүн алдында Улукбек Мариповдун талапкерлигине каршы 5 адам митингге чыгышты.
Дария Шабданова аттуу жаран Ош облусунан бери келгенин айтты. "Мариповдун талапкерлигин алып салууну талап кылабыз. Ал бул кызматка татыктуу эмес. Бүгүн аз эле болуп келдик. Эгерде биздин үндү укпаса мындан да көп болуп келебиз", - деди ал.
Кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырышкан. Бүгүн тармактык комитет анын талапкерлигин карайт.