"Балдарым үчүн жашагым келет". 48 жаштагы баатыр эне кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж

Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Насипкан Жолдошбаева эки жылдан бери боордун цирроз оорусу менен жабыркап келет. "Балдарым үчүн жашагым келет" деген каарманыбыз он баланын энеси. Учурда ооруканада уколдун күчү менен гана дарыланып жатат. Анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөгө алып баруу керектелет. Кайрымдуу адамдардын жардамына муктажмын деген каарманыбыз бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

Баатыр эне...

Өзүм 1973-жылы туулгам. Он балам бар, баатыр энемин. Эч жерде иштебейм. Балдарды багыш үчүн кээде ашканада иштеп калчумун. Ооруп калгандан бери төшөктө жатам. Эки жыл мурда ооруп калып, ооруканага кайрылсам боордун циррозу деп диагноз коюп беришти. Мурда такыр ооручу эмес, 4-классымда гана сарык болуп ооругам. Кийин билинчү эмес, балдарды чоңойтобуз деп эле турмуш менен алышып жүрчүбүз. Балдарымдын алды 30га чыкты, эң кенжеси 4-класста. Ушул балдарым үчүн жашагым келет. Жолдошум деле айылда иштебей жаш балдарыбызды карап отурат азыр.

Боорду алмаштыруу керек...

Бул жерде азыр уколдун күчү менен эле жатам. Бул жердеги дарыгерлер Индияга барып жасатып келсе боло тургандыгын айтышууда. Уулум донор болсо операцияга 25 миң АКШ доллары керектелет экен. Биздей карапайым үй-бүлөдө андай чоң суммадагы акча жок үчүн, кайрымдуу адамдардын жардамына муктажмын. "Көп түкүрсө көл болот" дейт эмеспи, элибиздин ичинде кайрымдуу адамдар көп деп ишенем. 10 сом, 20 сомдон болсо да жардам берүүңүздөрдү суранат элем.

Насипкан Жолдошбаевага жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
ЭЛСОМ: 0708 87 65 65
СБЕРБАНК: 5484160010901862
Байланыш тел: 0703 34 83 87

Насипкан Жолдошбаева боорун алмаштырууга муктаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-02-05 09:39:30
Кудай шыпаасын берсин, кайдан жайдан акча табылыр айыгып кетсин. Эч бир адам оорубасынчы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан