Эртең, 3-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -2…-7, күндүз +8…+13;
Талас жергесинде: түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда: түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +10…+12 градус болот.