Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетиши боюнча: "Убактылуу экенин билгем, нааразы эмесмин"

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетүү тууралуу пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында жазып калтырды.

"Колдоо көрсөткөн жана жардам бергендердин баарына, ошондой эле жумушумду сындап, ал үчүн тынсыздангандарга ыраазычылык билдирем! Жогорку кызмат - чоң жоопкерчиликти талап кылат. Муну менен бирге чоң стрессти алып жүрөт. Оор мезгилде келдим. Убактылуу экендигин билгем. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Буга нааразы эмесмин.

Кечээ күнкү документ иштерин бүтүрүп, тынч жан дүйнөм менен жумуштан кетем.

Коронавирус боюнча жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Республикалык коронавирус менен күрөшүү штабын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берем. 2021-жылдын 4-февралында вице-премьер-министр болгонума 100 күн болот. Отчётумду берем", - деп жазып калтырган Эльвира Сурабалдиева.

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Улукбек Марипов сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү каралууда. Марипов сунуштаган тизмеде Эльвира Сурабалдиева жок.

Ал эми өкмөт башчылыкка Мариповдун өзүнүн талапкерлигин 1-февралда көпчүлүк коалиция карап, жактырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-02-02 15:57:36
Кетчи э, тазза бир нерсени кыйратып койгонсуп.
-2
Mirnar
2021-02-02 18:42:20
Жакшы эле иштеди, рахмат!
+5
bbek
2021-02-02 19:20:24
Коррупция гулдоп турган ушундай кырдаалда Финполду ИИМге кошуу жеткен акмакчылык эмеспи.Менимче Сыймык копчулугунун уйкусун бузуп койду окшойт кайра мурдагыдвй жашоону энсеп жатышса керек
+5
rafo80
2021-02-02 22:36:21
Жакшы иштеп жатты эле, бизге ушундай адамдар керек болчу. Кыскасы кадрдык дайындоолорго такыр түшүнбөй калдым.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан