Коронавирустун мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдануу жана медициналык адистердин кардрдык потенциалын чыңдоо үчүн мобилдик мектептер уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, COVID-19дун мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдануу максатында өлкөнүн бардык региондорунда дарыгерлер жана медайымдар үчүн 2-февралдан баштап 2-мартка чейин штаттан тышкаркы пульмонолог Талант Сооронбаевдин жетекчилиги алдында тренингдер өткөрүлөт.
"Негизги басым клиникалык көрсөтмөлөрдүн 4-версиясынан коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо, ошондой эле жасалма дем алуу аппараттарын колдонуу практикасына көңүл бурулат: кычкылтек терапиясынын режимдери, жогорку агымдуу кычкылтек терапиясы, инвазивдик эмес вентиляция.
Талант Сооронбаев жана анын командасы март айында пандемия башталгандан бери кызыл зонадагы дарыгерлерге кычкылтек терапиясы, инвазивдик эмес вентиляцияны колдонууга үйрөтүштү. Бул миңдеген оорулуулардын өмүрүн сактап калганга жардам берди.
Белгилей кетүүчү нерсе, мобилдик мектептер региондордогу COVID-19 инфекциясын жана башка респиратордук оорулар менен ооруган адамдарды дарылоодо медициналык адистердин кардрдык потенциалын чыңдоого, дарылоонун сапатын жакшыртууга багытталган", - деп жазылат мекеменин маалыматында.