ЖМК: Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетти

Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөөсү менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетти. Бул тууралуу "24.кg" маалымат агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков "Манас" аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматына байланышканыбызда алар мындай маалыматты бере албай тургандыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин октябрь айындагы окуяларда жаракат алгандар митингге чыгып, Башкы прокуратурага Жээнбековду митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн жана экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан