Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүнө курула турган аллеянын эскизи көрсөтүлдү. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, 2021-жылы Салиева көчөсүнө аллея куруу пландаштырылган.
"Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Курулуш иштери башталганга чейин негизинен кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөр жана бактар иретке келтирилүүдө. Планга ылайык, курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоордо тротуарларды, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайкы бетин сырдоо, аллея жана фонтан куруу каралган", - дешти мекемеден.
Жүргүзүлүп жаткан иштер менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштүү жетекчилер менен биргеликте таанышып чыкканын кошумчалашты мэриядан.