Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга карата сот чечим чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, Москва шаардык соту Жаза аткаруу федералдык кызматынын Алексей Навальныйга карата шарттуу жазаны чыныгы жазага өзгөртүү өтүнүчүн кабыл алып, оппозиционер Алексей Навальныйды жалпы режимдеги колонияга 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарды.
"Алексей Навальный үч жарым жыл абакта отурушу керек. Үй камагындагы он айды алып салганда эки жыл сегиз ай абакта отурат.
Сот Навальныйды шарттуу жазага байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди аткарган жок деп эсептеди. Навальный азыркы учурда убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан.