Президенттик шайлоодо Абдил Сегизбаевдин штабында иштеген Мээрим Асанова үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын күйөөсүн УКМКга суракка алып кетишкенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Үйгө эртең менен белгисиз адамдар келишти. Алар өздөрүн тааныштырышкан да жок. Күйөөмдү УКМКга суракка алып кетишти", - деп жазды ал.
25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелери жана Белизгейт иши боюнча кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.