Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда кызча кийинип тилемчилик кылган эркек бала кармалды

Жалал-Абадда кыздын кийимин кийип тилемчилик кылган эркек бала кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад шаарындагы жер астынан өтүүчү өтмөктө отуруп, жанындагы колонка аркылуу куран коюп, колуна сүрөт көтөрүп алган. Сүрөткө иниси ооруп жаткандыгын, аны чет өлкөдөн дарылатуу керектигин, бул үчүн акча каражаты жетпегендиктен кайдыгер эмес жарандардын жардам берүүсүн жазып алган.

"Милиция кызматкерлери кызча кийинип тилемчилик кылып отурган эркек баланын аты-жөнүн аныкташты. Ал Ош облусунун, Кара-Суу районунун Нариман айылынын 2002-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 6 бир тууган экендиги жана эч кандай иниси оорубай тургандыгы такталды. Балага карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймагына жөнөтүлдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ulaAjidar
2021-02-03 11:50:52
Вааай атандыурайын..
+4
bond02
2021-02-03 12:51:38
Баняга алып барып койгула да.
+2
Burulsha
2021-02-03 16:34:39
Озу деле кызга окшошкен.
+3
Kari
2021-02-04 03:03:37
Назик бала экен.Акча табуунун бир туру.Азыр коробка которуп,ар жерде туруп,акча чогулткандар кобойуп кетиптир.Аларды бироо текшереби,садака деп бересин го,бирок журок ооруйт экен аларды коруп.Бизде ошончолук ооруган адамдар коппу ээ.Изилдеген бироо барбы,ошол оору эмнеден келип чыгып жатканын.Неге Кыргызстанда боор ооруган коп?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан