Бүгүн, 3-февралда "Түндүкэлектр" ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти
"Түндүк электр" ААКнын бригадалары бутактарды кыюу жана зымдарды тартуу менен алек. Аталган бөлүмгө саат 17:00дө электр энергиясы берилет", - деп жазылат билдирүүдө.
Кызматтарды алуу үчүн жарандар шаардагы башка бөлүмдөргө кайрыла алышат.