"Бычак менен көкүрөк тушка бир нече жолу сайган". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январь күнү болжол менен саат 19:33төр чамасында Бишкек ШИИБинин "102" кызматына Тойгонбаев көчөсүндөгү турак үйдө денесинен жаракат алган адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда Тойгонбаев көчөсүндөгү үйдөн күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денени табышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө, көкүрөк тушуна бычактан жаракат алгандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1974-жылы туулган Н.Т. экендиги белгилүү болгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүүнүн изине түшүп, Бишкек шаарынан шектүү катары 1973-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан