Бишкекте милиция кызматкерлери Хонда Одиссей унаасын уурдай качкан шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылаайык, 29-январь күнү Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 29-январь түнү Достук конушундагы үйлөрдүн биринде токтоп турган унаасын белгисиз жарандар уурдап кеткени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган эки жаран кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип шектүүлөр башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында кошумча тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.