Футбол: "Барселона" футболдук клубу Лионель Мессиге 63 миллион евро карыз экени айтылды

Испаниянын "Барселона" футболдук клубу атактуу футболчу Лионель Мессиге түзүлгөн келишим боюнча 63 миллион 500 миң евро карыз жана клуб бул акчаны Мессиге ушул убакытка чейин төлөшү керек болчу. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, январь айынын аягына чейин аргентиналык футболчу "Барселона" клубунан 72 миллион евро алышы керек болчу. Бирок учурда клуб ага 8 миллион 500 миң евро гана төлөп берген. Бул көрүнүш команданын башка оюнчуларына таасирин тийгизүүдө. Буга чейин футболчулар жакынкы бир нече жылда эмгек акыны кыскартуу боюнча келишимге кол коюп беришкен. Бул "Барселона" клубуна болжол менен 172 миллион еврону үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Лионель Месси 2017-жылдан бери "Барселона" клубунда жалпы 555 миллион евро иштеп тапкан. Анын клуб менен келишими 2021-жылдын июнь айында бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adylbek1987
2021-02-09 14:58:21
Барса чарчап баратат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан