Кыргыз өлкөсүнүн эки жөө күлүгү Украинанын жана Түркиянын ачык чемпионаттарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
"Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов жабык имаратта 5-6-февраль күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган ачык чемпионатка жана 9-12-февраль күндөрү Украинанын Сумы шаарында жабык имаратта өтүүчү ачык чемпионатка катышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында иш сапарга жөнөтүлдү.