Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму планетанын ар бир бешинчи жашоочусу эртеби-кечпи залалдуу шишик дартынан жабыркай турганын айтат

Планетанын ар бир бешинчи жашоочусу эртеби-кечпи залалдуу шишик (рак) дарты менен ооруйт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Залалдуу шишик дарты эми ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү. Рак дүйнөдөгү өлүм алып келүүчү оорулардын экинчиси (биринчиси жүрөк-кан тамыр оорулары) болуп калды", - деген уюмдун өкүлү Андрэ Ильбави.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин айтымына караганда, 2020-жылы залалдуу шишик дарты менен 19 миллион 300 миң адам ооруган. Аталган илдеттин кесепетинен 10 миллион адам көз жумган.

Залалдуу шишик дартынын эң көп тараган түрү - көкүрөк рагы. Андан кийин өпкө, жоон ичеги рагы көп кездешет.

Ошондой эле дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму онкологиялык оорулар балдар жана өспүрүмдөр арасында өлүмгө көп алып келген оору экендигин кошумчалап өтүшкөн. Тилекке каршы, жыл сайын онкологиялык дарттан 400 миңдей бала, өспүрүм каза болот.

Адисттер рак оорусунун алдын алуу жолу катары убагында текшерүүдөн өтүү керектигин айтышат. Кээ бир, атап айтканда, орто жана аз кирешелүү өлкөлөрдө сапаттуу текшерүү жана оорунун баштапкы стадиясында дарылоого шарттын жоктугу, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу өлүмдүн санынын көп болушун шарттайт.

2020-жылы залалдуу шишик дарты менен жабыркаган бейтаптарды дарылаган өлкөлөрдүн 40 пайызы коронавирус илдетинин соккусуна кабылды. Мындан улам залалдуу шишик илдети, онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптар COVID-19дан улам өлүп калуу коркунучу жогору болгондугун адистер айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirnar
2021-02-04 16:56:01
Аллах улук, билуучу, сактоочу.
+2
Jibakana
2021-02-04 17:35:19
Айланайындар оорудан башканы айткылачы..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан