Дүйнөдөгү наристелердин төрөлүү саны боюнча Кыргыз өлкөсү 229 өлкөнүн ичинен 74-орунда жайгашты. Мындай статистика "Central Intelligence Agency" агенттигинин (АКШнын федералдык өкмөтүнүн жарандык агенттиги) маалыматына ылайык жарыяланды.
Анда жазылган маалыматка ылайык, 2020-жылга карата өлкөдө 10 миң адамга 206 ымыркай туура келет.
Рейтингдин башында Нигерия турса, аягында Монако жайгашкан.
Коңшу Казакстан 105-сапта, Өзбекстан 109-орунда турса, Орусия 191-орунда жайгашкан.