Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулду. Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган Нуржигит Кадырбеков министрликтин, департаменттердин жана ага тиешелүү мекемеде эмгектенген кызматкерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жыйында министр кызматында жасалган иш аракеттер тууралуу маалымдама жасап, өз салымын кошкон бардык адистерге ыраазычылыгын айтты.
Ал өз сөзүндө, маданият тармагында жасала турган иштер абдан жооптуу экендигин айтып, аны өнүктүрүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл деп билдирди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ар бир тармак боюнча жетишкен ийгиликтерди баса белгилеп, алдыда бул багытта жасала турган иштер арбын экендигине токтолду".
Эске салсак, Нуржигит Кадырбеков буга чейин министрдин орун басары кызматында эмгектенип, 2020-жылдын 14-октябында министр кызматына дайындалган.