Биз социалдык тармакта

34 жаштагы биринчи вице-премьер Артём Новиковдун өмүр баяны

Кечээ, 3-февралда өкмөттүн жаңы курамы дайындалды. Анын катарында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков да бар.

Артём Новиков 1987-жылы 13-январда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2007-жылы Ф.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик "VOENMEKH" техникалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

2007-2008-жылдары – Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин түз инвестициялар саясаты башкармалыгынын адиси;

2008-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин түз инвестициялар саясаты башкармалыгынын башкы адиси;

2009-жылы өкмөттүн аппаратынын жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары президенттик аппараттын Ресурстарды башкаруу кызматынын эксперти;

2011-жылы биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

2011-2012-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси;

2013-2014-жылдары Эл аралык университетинин "Экономика жана бизнес" кафедрасынын улук окутуучусу;

2014-2017-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси

2017-жылы президенттик аппараттын финансылык-экономикалык анализ жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан кийин бөлүм башчы;

2017-2018-жылдары экономика министри;

2020-жылы премьер-министрдин кеңешчиси;

2020-жылдын 14-октябрынан тарта биринчи вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-02-04 10:38:31
Министрлердин арасында Артем бардыгы жакшы болду.Нуржигит да болгондо андан да жакшы болмок.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан