Биз социалдык тармакта

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Жеңишбек Асанкулов буга чейин кайсы жерлерде иштеген? (өмүр баяны)

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси - министр Жеңишбек Асанкулов 1980-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган.

2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну «эксперт-өлкө таануучу» адистиги боюнча аяктаган, 2008-жылы – КМЮА «юриспруденция» адистиги боюнча, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «мамлекеттик башкаруу менеджменти» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2006-2007-жылдары президенттин иш башкармалыгынын башкы адиси;

2007-2008-жылдары президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басарынын жардамчысы;

2008-2009-жылдары президенттик канцеляриясынын жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары өкмөттүк аппараттын аткаруу бийлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүү, инспектору;

2010- 2011-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери секторунун эксперти;

2011-2012-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмү, уюштуруу иштери боюнча инспектору;

2012-жылды өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук жана аймактык мониторинг бөлүмүнүн уюштуруу-инспектордук иштер секторунун инспектору;

2012-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

2016-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун сектор башчысы;

2017-2018-жылдары өкмөттүк аппараттын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун сектор башчысы;

2018-жылдын октябрынан тарта өкмөттүк аппараттын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүн башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rysbekkg-78
2021-02-04 11:40:47
Жакшы ишине ийгилик Женишбек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан