Биз социалдык тармакта

"Дүйнөдө эң чоң белгилүү уурулар, кумарчылар математик, физиктер болгон". Депутат билимди адеп-ахлак коштобосо, тескери таасирин берип калышы мүмкүн экенин айтты

Депутат Улугбек Садиков билимди адеп-ахлак коштобосо, тескери таасирин берип калышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыркы учурларда кээ бир мектептерде жоолукчан кыздарга чектөө, жосунсуз талаптар болуп жатат. Ооба, биз светтик мамлекетте жашайбыз. Бирок ошол эле убакта мусулман экенибизди унутпашыбыз керек. Кыргыздын улуттук кийимдери менен азыркы кыздар кийип жүргөн кийимдердин ортосунда айырмачылык аз эле. Бул тарбиянын таасири. Жакшы билим жакшы жакка иштетилет, жакшы натыйжа берет деген кепилдик жок. Дүйнөдө эң чоң белгилүү уурулар, кумарчылар математик, физиктер болгон да. Күчтүү атом бомбаларын ойлоп тапкандар күчтүү химик болгондор. Билимди адеп-ахлак коштобосо, тескери таасирин берип калышы мүмкүн. Кыздардын ыймандуу болгонуна сүйүнүшүбүз керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bakyi
2021-02-04 11:51:34
Эң эле туура сөз!!!
+5
Mirlan27011987
2021-02-04 12:28:33
Bakyi,
Хиджаб жонокой эле кийимдин туру эмес, хиджаб - бул "маданий код" араб элдерине таандык. Хиджаб озу эле келбейт бизге, аны менен кошо ошол элдердин менталитети бизге келет. Ошону эске алыш керек.
+1
Sajakat14
2021-02-04 12:36:19
Mirlan27011987,туура айтасыз.
-2
Mirlan27011987
2021-02-04 12:01:39
Ыйман деген - бул бети башты жоолук менен оронуу дегенди тушунбойлук. Хиджаб оронуп алса эле "биз ыймандуу болуп калабыз" деген туура эмес. Ислам дини башка элдердин каада салтына басым жасап жатат. Мен буга каршымын. Эгер хиджабты ыйман катары коро берсек, анда акылсыз эркектер ар кайсы кыздарга хиджабты мажбурлай башташат. Ыймандуулук эркеке да керек, бирок ыйманды хиджабтан издебеш керек. Эгер кыздар билимдуу, иштеп акча таап, ата энесин жардам берсе, тил уйронушсо бул дагы - ыйман
+1
Mirlan27011987
2021-02-04 12:11:06
Мектепке молдолор барып ыйман боюнча сабак берилине каршымын. Себеби молдолор ыйман боюнча адис эмес. Копчулук молдолор пакистан, аравия, египеттен окуп келишкен. Алардын салтын бизге улгу катары угуттобош керек. Бизде омур бою билим тармагында иштеген мугалимдер, адистер, окумуштуулар бар. Ыйман десе эле хиджабка басым кыла берген туура эмес. Эн башкысы диний эрежелерди кыздарыбызга тануулоого мен каршыбыз. Кыздар бироонун менчиги эмес, ыйман деп эле жоолука мажбурлай бергендей.
0
Sajakat14
2021-02-04 12:37:30
Mirlan27011987,туура ой жүгүрттүңүз!
-1
dkrf
2021-02-04 13:02:10
Sajakat14,
Ыйман тушунугун ар ким ар кандай чечмелей беришет. Мунун аягы талаш тартыш болуп, ички чыр чатактарга алып барат. Ошондуктан мыйзам менен жашаш керек. Мисалы кочодо эркектер тамеки чегип журушот, динде тамики чеги дагы ыймансызга жатат. Чиновниктер элдин акчасын жеп жатышат. Анда молдолор эмне учун ыйманды ушул сыяктуу жаман нерседен башташпайт туурабы.
+2
supish2017
2021-02-04 12:48:12
Mirlan27011987 бул тенирчи болсо керек.
Качан карасан исламга каршы жазат.
Кечке кыла турган иши ушул окшойт.
+3
supish2017
2021-02-04 12:50:30
Хиджаб бул коргонуу.
Башка суук коздон, уят нерселерден коргонуу жана башкаларды кылмышка баруусун алдын алуу.
Хиджап бул аялдын назиктигин жана аны сыйлоо керек экенин белгилеп эскертип турат.
+4
Mirlan27011987
2021-02-04 13:05:06
supish2017,
Хиджаб оронбогон кыздардын да назиктигин, эркиндингин, сулуугун сыйлаш керек.
-1
supish2017
2021-02-04 12:52:20
Кээ бир адамдар аялдарды чечиндирип салып карап жүрүүнү каалайт окшойт.
Аялдар силерге зоопарк эмес.
+3
nazira...
2021-02-04 13:06:43
Хиджап дебей эле жоолук десе болбойбу. Мурун хиджап,миджабы жок эле жүрүшкөн, жоолук эле салынып, элечек кийип. Кыямат болуп кеткен жокко. Жоолук салыналы мен за, хиджаб дебейличи сураныч.Арабия эмес Кыргызстанда жашайбыз го. Эн башкысы 5 убак намаздан калбай, ичибиз толо ыйман, ынсап болсун. Туура эмес сүйлөсөм үзүр.
-5
Jelezo
2021-02-04 16:30:44
nazira...,сиз абдан туура айтыңыз,ыймандуулук кийимден бааланбайт жаш кыздарга хиджаб таңуулаган болбойт келин болгондон кийин жоолук салынса жетиштүү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан