Биз социалдык тармакта

Ошто жол эрежесин билбеген жөө жүргүнчүлөргө миң сомдон айып пулдар салынууда

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 4-февралдан тартып «Жөө жүргүнчү» аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы өтүп, жол эрежелерин бузгандарга айып пулдар салынууда. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Соңку учурларда шаар тургундары атайын жолдон өтүүчү жол сызыгы белгиленген жайлардан өтпөй, жолду ар кайсы жеринен кесип өтүп, айдоочуларга тоскоолдук кылып, жол кырсыктарына себепчи болуп калууда.

Мындан улам жол тескөөчүлөр жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатышат. Иш-чара 3 күнгө созулат. Эгер жөө жүргүнчү жол эрежесин бузуп, жолду туура эмес жерден кесип өтсө бузуулар кодексинин 125-беренеси менен жоопко тартылып, 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Таң эртеден бери 20 жөө жүргүнчүгө айып пулдар салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sakubek
2021-02-04 11:42:01
Молодец. А то без предел болуп кетти эле пешеходдор
+16
Bakyi
2021-02-04 11:48:34
Өзгөн базарына да баарыныздар...
+16
Mustafo
2021-02-04 11:49:25
Өтө жакшы ишти баштапсыңар тартип деген болуш керек
+15
nazira...
2021-02-04 11:51:36
Машиналарчы, аларды деле карашсын. Пешеходдо адамды карабай зуулдап өтүшөт го.
+10
Ale
2021-02-04 12:27:45
Туура 3 Кун эмес 3 ай карагыла баары тартипке келип калат
+12
al-abu-kinesz
2021-02-04 14:24:45
Эрежени бузбай эч кимге зыян тийгизбей жайбаракат айдап баратсан кутуусуздон эликтей болуп чыга калат пешеходдор, анан мен согунбогондо ким согунот. Туура кылышат, жарым жыл ушундай кылса тартип да, эреже да сакталат, кырсык да азаят.
+1
Jacob.
2021-02-04 18:23:36
Ошто айдоочулар дагы, жоо жургунчулор дагы жол эрежесин коп бузушат, дагы бизде “мыйзам” иштебейт деп суйлонуп коюшат...
0
Djumahmatov
2021-02-04 20:53:02
Айланайындар пешеходтон өткүлөчу пешеходтон өтпөгөн жүргүнчүнүн азабын канча тартым эээх
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан