Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театры 13-14-февраль күндөрү ачылат. Бул тууралуу театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Театрдын тарыхындагы эң узун тыныгуудан кийин, 13-14-февраль күндөрү биздин көрүүчүлөрүбүз сүйүктүү спектаклдерин көрө алышат. Пандемия оңдоп-түзөө иштерин кечеңдетти. Бирок биз күйөрмандарыбыз үчүн фойе менен чоң залды ачтык", - деп жазылат маалыматта.
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын оңдоп-түзөө үчүн 97 миллион 658 миң сом өлчөмүндөгү каражат 2019-жылдын июль айында
бөлүнгөн.