Сыдык Исиров аттуу социалдык тармактын колдонуучусу баракчасына Миграция кызматын Саламаттыкты сактоо министрлигине кошуптур деген пикирин жазды.
"Миграция кызматын министрлик кылса деген сунуштар айтылып келди эле. Саламаттыкты сактоо министрлигине кошуптур. Туура эмес. Мигранттар мындан ары көбөйсө көбөйөт", - деп жазган.
Бул боюнча президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жооп кайтарды. "Эмнеге так маалымат билбей туруп жаза бересиңер? Элдин башын айлантып. Миграцияны кантип эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кошсун?", - деген Жапаров.
