"Кар экен деп ойлогом". Грузиялык мушкер сууга түшөм деп башы менен муз жарды

Белгилүү грузиялык мушкер Мераб Двалишвили башынан жаракат алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен бул күн машыгуу үчүн эң мыкты күн экен деп ойлогом. Чуркаган соң алыс эмес жерде жайгашкан үстүн кар баскан сууну көрдүм. Бирок суунун үстүндө кар эмес, муз экен. Музга башым тийгенде башым да, муз дагы жарылганын билдим. Башымды тигип жатканда аябай ооруду. Азыр болсо баары жакшы", - деп жазган мушкер.

Кар экен деп ойлогон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sakubek
2021-02-04 15:50:14
Бут иштебесе баштын шору
+11
futboler
2021-02-04 17:24:04
Sakubek,сөөктө тил жок)))
0
al-abu-kinesz
2021-02-04 17:45:13
Sakubek, баш иштебесе буттун шору дейт эле, мунуку башы иштебей башы шор тартты го
+1
Kattaldym
2021-02-04 15:53:38
Суунун үстүнө кар жатмак беле, кызык неме го
+8
aslan_akjol89
2021-02-04 18:58:45
Суунун устундо кар турмак беле,нымшып кар сууну соруп аларын ойлобоптур да бечара.Сакайып кетсин эми
0
Kari
2021-02-05 01:33:35
Озун озу тартып жатабы ээ ошондо.Эми жайдын кунундо да сууга биринчи бутун салып корот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан