SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кадамжай районунун жашоочусу кайрылып, аймактагы башы бар, аягы жок зээнди кейиткен жолдун видеосун жиберип, андан өтөм деп 2 кыздын буту жанчылып калганын кабарлаган.
Бул боюнча Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев азыркы тапта бул маселени чечүү максатында тиешелүү мекеме өкүлдөрү күжүрмөн иштеп жатканын маалымдаган.
Аталган жол кайсы убактан бери мындай абалда экендигин Кадамжай районунун тургунунан сурап көрдүк. Жашоочунун айтымында, бул жолдо бир жыл мурун дагы жол кырсыгы катталган. Кийин жөө адамдар өткөн жол мурункудан да тарып кеткен.
"Буга чейин дагы буга окшогон окуя катталганын айтып жүрүшөт. Ал жерде жол өтө тар. Мурда жөө адамдар өткөн жол кенен болчу. Кийин болжолдуу бир жыл мурун жол кырсыгы катталгандан соң жол тарып калган. Бир жөө адам араң өтө турган жол, ушул убакка чейин оңдоп коюшса жакшы болмок", - деди жашоочу.
Бул маселе боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылганыбызда, учурда бул маселени карап жатканын айтышты.