Биз социалдык тармакта

Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев эмгек жамаатка тааныштырылды. Вице-премьер-министр Артём Новиков борбордук аппараттын жамаатына жаңы дайындалган министрди тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Артём Новиков белгилегендей, алдыда ишмердүүлүктүн маанилүү багыттары турат.
"Коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан биз театрлардын, кинотеатрлардын, спорттук мекемелердин, айрым маданий объектилердин ишин жандандыра алдык. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Олимпиадалык оюндар сыяктуу бир катар маанилүү иш-чаралар пландаштырылган, аларга карата сапаттуу даярдык иштерин өткөрүү зарыл.

Биз маданий өнүгүү, өсүп келе жаткан муундун рухий жан дүйнөсүн байытуу жана нравалык тарбия берүү маселесине өзгөчө басым жасашыбыз зарыл. Сиздерге маалым болгондой, өлкө башчысы тарабынан "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" алгачкы жарлыгына кол коюлган. Буга байланыштуу сиздердин министрликке өзгөчө милдет жүктөлөт жана тез арада президент, премьер-министр тарабынан айтылган тапшырмаларды ишке ашырууга багыт алууну өтүнөм",
- деди биринчи вице-премьер-министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-02-04 17:54:20
Мурдагы эле эски жүздөр, эски чимкириктер келип жататко. Президенттие да басма сөз кызматына пенсияга чыгып калган кемпир барыптырго)).
0
jazmina909090
2021-02-04 23:56:40
Pankration_MMA,билип билбей дөөрүбөчү.Бул кишинин билими сенин башыңда 5% жок.Көрбөй билбей жамандагандан алыс бол
+1
Maxatbek
2021-02-05 05:37:26
jazmina909090,көрбөй - билбей 5 % деп жамандап коёт дагы(
Өзүңө - өзүң туура келбегенди жазып кереги не?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан