АКШда үч жолу рак илдетинен айыккан окуучу кыз коронавирустан каза болду

АКШнын Канзас-Сити шаарында үч жолу рак илдетинен айыккан окуучу кыз коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз 4 жашында залалдуу шишикке кабылган. Бирок дарылануулардын натыйжасында ал бул илдетти жеңген.

Бирок 17 жаштагы кыз ноябрь айында коронавирус илдетине кабылып, эки апта ооруканада жаткан. Акыры ал вирусту жеңе албай жандандыруу бөлүмүндө жан берген.

Кыздын ата-энеси коронавирус илдети рак оорусунан дагы күчтүү экенин айтып: "Онкологияда диагноз коркунучтуу угулат, бирок жок дегенде анын эмне экендигин билесиң. А бул илдетте эч нерсе белгисиз", - деген кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан