Бүгүн, 4-февралда Кой-Таш окуясында жаракат алгандар куралсыз адамдарга ок аткандар жазалансын деген талап менен УКМКнын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кош-Таш окуясында жаракат алгандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына куралсыз адамдарга ок атканга буйрук бергендер жазага тартылсын жана "Альфа" атайын даярдыктагы аскер кызматкерлеринин аракетине баа берилсин деген талап менен митингге чыгышты. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат түрүндөгү кайрылууну калтырышты", - деп жазып калтырган Кундуз Жолдубаева.