Бүгүн, 4-февралда жергиликтүү айрым маалымат каражаттары Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин кармалышы күтүлүп жатканын жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, айрым жеке ишкерлерден Финполдун жетекчисине карата арыз түшкөн. Алар Сыймык Жапыкеев акча талап кылган, ири суммадагы пара алган деп көрсөтмө бергендиги айтылат.
Жогоруда тараган маалыматтардан кийин Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Достор, ушундай каралоо күч алды. Коррупция жеңилет, буюрса. Коррупция менен күрөшүү оңойго турбайт. Бериптир, алыптыр менен иш бүтпөйт. Элдин алдында жүзүм жарык", - деди ал.