Нарында айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, 2 адам жаракат алды

Нарын облусунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-февралда саат 16:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусунда болгон.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында Лексус-RX300 унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган жана 1964-жылы туулган эки аял жеңил жаракат алышкан. Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Ал эми ӨКМнын куткаруучу кызматкерлери унааны жолго чыгарууга жардам беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан