Өзгөндө көпүрөдөн асынып жанын кыймакчы болгон жаранды милиция кызматкери сактап калды

Ош облусунун Өзгөн районунда милиция кызматкери жарандын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-февраль күнү саат 11:45 чамасында Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүндөгү аймактык милиция кызматкерине билдирүү келип түшкөн. Анда Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүндө белгисиз жаран жипке асынып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгын айткан.

"Окуя болгон жерге А.Алиев аттуу кызматкер барганда 40 жаштагы К.К. аттуу жаран аркан жипке асынган абалда турган. Ал тездик менен жипти чечип, медициналык жардам көрсөткөндүгүнүн натыйжасында, ал адам тирүү калган. Бул окуя Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда бул жаран эмне себептен ошондой кадамга баргандыгын тактоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу учурда Өзгөн шаарындагы бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан